Президент Сооронбай Жээнбековду ташыган ТУ-154М учагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Санкт-Петербург шаарынан уча албай калган. Буга байланыштуу президент баштаган делегация 21-декабрда каттамдык учак менен өлкөгө кайтып келгенин жарандык авиация департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө башчы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 20-декабрда Санкт-Петербург шаарына учуп кеткен. ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары, КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу орун алган.
ТУ-154М 1993-жылы чыгарылып, ошондон бери бийлик башчылары үчүн каттамдарды ишке ашырып келет.