Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарёв жана Замир Жоошев Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакыртылган. Алар 13-декабрда жана 17-декабрда чакырылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун 7-8-август күндөрү Кой-Таш окуясында кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу жактоочулар күбө катары сурак бериши керек.
"8-августта Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө барган. Анда Асанов мурдагы президенттин жан сакчысы Канат Сагымбаевден маанилүү документтер салынган күлгүн түстөгү баштыкты алып Раиса Атамбаевага жеткирүү үчүн өзүнүн жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулуна бергендиги тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды.
Андан кийин өтө маанилүү эмес документтер салынган баштык экс-президенттин жактоочуларына өткөрүлгөн. Замир Жоошев коомчулукту жана тергөөнү адаштыруу максатында социалдык тармактагы баракчасына күлгүн баштыктын сүрөтүн жарыялап, анда маанилүү документтер болгон эмес деген билдирүү жасаган", - деп жазылат маалыматта.
Андан ары прокуратуранын маалыматында, 15-августта Аскер прокуратурасынын соттук чечиминин негизинде Сергей Слесарёвдеги документтер алынганы айтылат. Мындан улам жактоочулар Аскер прокуратурасына келип, көрсөтмө бериши керектигин билдирди.
"Тергөөнүн жүрүшүндө жактоочуларга күлгүн баштык тууралуу суроолор берилет. Бирок Слесарёв жана Жоошев мыйзамды одоно бузуу менен суракка келбей, "укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иши" деп коомчулукту адаштырып жатат. Мыйзам жана сот алдында баары бирдей. Андыктан жактоочулар милдеттүү түрдө суракка келиши керек", - деп айтылат маалыматта.