Сооронбай Жээнбеков: "Электр энергиясы тармагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат"

Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, электр энергиясы тармагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын 22-декабрда белгиленчү Энергетиктер күнүнө карата жазылган куттуктоосунда айтылат.

"Сиздердин таалыкпас эмгегиңиздердин арты менен калктын жана экономиканын электр энергиясына болгон муктаждыгы гана камсыздалбастан, башка өлкөлөргө да экспорттоо үчүн өлкөнүн энергетикалык дарамети өсүүдө.

Учурда гидроэлектростанциялардын кубаттуулугун жана колдонуу мөөнөтүн көбөйтүү боюнча активдүү жумуш жүрүп жатат.

Электр тармактарын реконструкциялоо улантылып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жакшырып жатат.

Кыргыз өлкөсүнда электр энергиясынын альтернативдүү булактарын тез өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү.

Жаңы улуттук энергетикалык долбоорлор ишке ашырылууда", - деп жазылган куттуктоо кагазында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан