Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Футбол федерациясы жыл мыктыларын аныктайт. FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында 9 номинацияда мыктылар аныкталат.
"Кыргыз футболу жана футзалы үчүн 2019-жыл окуяларга бай болду. Бул жылы тарыхый көрсөткүчтөр, оюндар болуп өттү. Жылды жыйынтыктап жатып, мыктыларды аныктоо аземи өтөт", - деп билдиришти Футбол федерациясынан. Кечеге сыйлуу коноктор, машыктыруучулар жана футболчулар катышат.
Номинациялар тизмеси:
"Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу"
"Профессионалдык лиганын мыкты футболчусу" (Кыргыз Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу)
"Футзал боюнча мыкты оюнчу"
"Футбол боюнча мыкты машыктыруучу"
"Футзал боюнча мыкты машыктыруучу"
"Футбол боюнча мыкты калыс"
"Футзал боюнча мыкты калыс"
"Мыкты аймактык ассоциация"
"Мыкты команда"
Кече Бишкек шаарындагы SHERATON мейманканасында өтөт. Башталышы 19:00.
Сыйлоо аземин SUPER.KG порталы түз эфирде көрсөтөт.