Тилек Куралов казак күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону аталды

Нур-Султан (Казакстан) шаарында өтүп жаткан казак күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандары 5 медаль тагынышты.

Анда 100 килограмм салмакта Тилек Куралов бардык атаандаштарын жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Ошондой эле 90 килограмм салмакта Нурислам Идрисов коло медаль тагынды.

Кыз-келиндер арасында 55 килограмм салмакта Анара Рыскулова жана 60 килограмм салмакта Мээрим Момунова күмүш медаль тагынышса, Нагира Сарбашова 75 килограмм салмакта коло байгеге ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан