Орусияда эрте тамак жеткирип бергени үчүн 20 миң рублга ээ болгон кыргыз. "Окуядан кийин мени Жет Ли деп атап алышты" дейт ал

Интернет айдыңында Орусияда иштеген мекендешибиздин видеосу тарап, жеткирүү кызматында иштеген жигит интернет жылдызына айланды. Видеодо кыргыз жигит орусиялык блогер Поззиге тамак жеткирип барат. Эрте жеткирип бергени үчүн кардар мекендешибизге алгач 15 миң рубль берип, акчаны эмнеге короторун сураган. "Ата-энеме котором" деген сөзүн угуп, "анда дагы 5000 рубль өзүң үчүн болсун", - деп жалпысынан 20 миң рубль белекке берген. SUPER.KG порталы интернет жылдызына айланган мекендешибизди таап, маек курду.

- Салам, Бекзат! Сен катышкан видео калың журтка жайылып, интернет жылдызына айланып кеттиң. Кепти ошондон баштайлы.

- Окуя 2019-жылы 3-декабрда болгон. Кадимки иш күнүндө буюртма түшүп, көрсөтүлгөн дарекке баргам. Бизде "Яндекс. Еда", "Delivery club" деген 2 тамак жеткирүүчү ишкана бар. Көрсө, кардар эки ишканага бир убакта буюртма берген экен. Мен 20 мүнөттө биринчи болуп барыптырмын.

- Сага берген 15 миң рублду "эмнеге коротосуң?" десе, ойлонбой туруп "ата-энеме котором" дедиң. Ошол сөзүң үчүн сени баары баалап жатышат. Кийин сөзүңө турдуңбу?

- Менин Москвага келгенимдин негизги себеби да ошол - ата-энемдин ак эмгегин, апамдын ак сүтүн актоо. Ошондуктан биринчи ата-энеме котором деген ой келди. Ата-энеме акчаны жөнөткөндө, блогерлер акча ойнотушкан экен, ошондон алдым дедим. Албетте, ошончо элдин алдында сөз бергенден кийин сөзсүз котордум. Ата-энем азыр акча утуп алып, аларга которгонум үчүн эмес, мен үчүн көбүрөөк сыймыктанып жатышат.

- Айрымдар видеону атайын уюштурушкан деп жатышат. Андай болгон эмеспи?

- Жок, атайын тартылган эмес. Мен тамакты жеткиргенде видеого тартып жатышкан, ага маани деле берген эмесмин. Кетип баратканда "Биз оюн уюштурдук эле. Сен ээ болдуң" деп 20 миң рублду күтүлбөгөн жерден беришти. Мен Поззи аттуу блогерди тааныбайт болчумун. Видео тарагандан кийин гана анын ким экенин билдим.

- Видео интернетке тарагандан кийин жашооңдо өзгөрүүлөр болдубу?

- Чынында мен акча тууралуу ата-энемден башка эч кимге айткан эмес болчумун. Видео интернетке тарап кеткенден кийин айылдагы туугандар, досторум чалышты. Москвада көчөдө жүрсөм кыргыздар көрүп алып, "ушул бала сенби?" деп сурап жатышат, ооба десем, мени менен сүрөткө түшкөндөр бар.

- Сени белгилүү кытай актёру Жет Лиге окшоштуруп жатышат. Өзүңө байкалабы?

- Видеодон Жет Лиге окшошуп калган окшойм. Негизи бир-эки досум мени актёрго окшоштура беришет. Аларга көңүл деле бурчу эмесмин. Бул окуядан кийин көбү мени тамашалашып Жет Ли деп атап алышты (күлүп).

- Эми өзүң тууралуу да тааныштырып өтсөң... Качантан бери Орусияда иштеп келесиң?

- Мен Ош облусундагы Алай районунун Таш-Короо айылынын кулуну болом. 24 жаштамын. Үйдө 5 бир туугандын улуусумун. Ошого байланыштуу окуганга мүмкүнчүлүк болбой, 11-классты бүткөндө эле Новосибирск шаарына иштегени кеткем. Андан кийин Москва шаарында иштеп жүрдүм. Курьерлик жумушка орношконума эки ай гана болгон.

- Жакшы экен. Алдыда кандай максаттарың бар?

- Жарым жылдай Москвада иштеп, кийин мекениме барып тил үйрөнүп, Европа өлкөлөрүн көргүм келет. Азырынча негизги максатым ошол.

- Максатыңа жет! Ийгилик!

Орусияда курьер болуп иштеген кыргыз жигити 20 миң рубль утуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
engel
2019-12-24 13:58:52
Молодец жигит экен!
+18
Azizbek_Musabekovich
2019-12-24 14:16:11
видеосуна ссылка барбы
0
MARAT.OZGON
2019-12-24 15:14:56
Молодец экен акча берген орус бала Алла разы болсун
+17
bond02
2019-12-24 15:34:27
Жигитке соз жок молодец, бирок бул яндекстин рекламасы.
+2
mirbek2211
2019-12-24 17:41:42
bond02,блогер жон эле оюн уюштурганго озу учун , яндексти реклама кылбай эле
+7
kechirmeni
2019-12-24 15:57:00
азамат Джет Ли! маарага тез жетти!
+4
Abdizhapar
2019-12-24 17:21:35
Сени курткандан эле тааныйт окшойт кочодо куртканды чечкин сени эч ким тааныбайт
-26
madina.87
2019-12-24 19:15:15
Abdizhapнar,мынча ичинер таар ээ тооба
+19
Pandora
2019-12-24 20:32:06
Abdizhapar, Андай курткачандар толтура
+6
Nargizab
2019-12-24 21:03:53
Abdizhapar, Тааныса тааныбыса сага эмне жон гана жакшы соз жазып кой же унчукпа. Мен лично суйундум кыргыздын жонокой баласы молодец
+13
al-abu-kinesz
2019-12-25 00:39:31
Abdizhapar, А сени тааныган бироо жарым барбы? Курткасынан таанылабы ишинен таанылабы сенин ишин канча?
+5
Shef87
2019-12-24 20:28:43
Жет Лиге окшош экен
+11
кыргыз Алик
2019-12-24 20:43:56
Кандай болгон чакта да ак эмгеги менен акча таап журот,курьерлердин иши кыйын го дейм,оор сумкалар менен тыгын метродо журуш озуле азап.Байген кут болсун,жакшы кундорго насип кылсын.
+12
Ernisbii
2019-12-24 21:28:21
Азамат мына ушинтип ак эмгеги маңдай тери менен тапканы берекелү дагы болот аман болсун Кыргыздын баласы.
+8
expert.007
2019-12-24 22:41:02
Бекзат молодец. Яндекс едада иштер жүргөн убактымы эстеп кеттим. Бир жолу мага да 500 сом чаевый бергенде аябай сүйүнгөм.
+5
Sultanim
2019-12-25 01:04:24
Аллах эки дүйнө бактылуулук насип этсин!
+2
Usow
2019-12-25 04:16:02
Эн негизгиси "ата-энеме котором"- деген жери жакты, ата-эненизге Аллах узун омур бекем ыйман берсин. Озу да ыймандуу бала экен, молодец
+1
Nevestkaa
2019-12-25 14:19:24
Инстадан көрүп акча берген жигитке ыраазы болдум эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан