Кыргыз футбол федерациясы жыл мыктыларына сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү (видео)

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз футбол федерациясы буга чейин аныкталган жыл мыктыларына сыйлык тапшырууда. FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында 9 номинацияда мыктылар аныкталган.

"Кыргыз футболу жана футзалы үчүн 2019-жыл окуяларга бай болду. Бул жылы тарыхый көрсөткүчтөр, оюндар болуп өттү. Жылды жыйынтыктап жатып, мыктыларды аныктоо аземи өтөт", - деп билдиришти Футбол федерациясынан. Кечеге сыйлуу коноктор, машыктыруучулар жана футболчулар катышат.

Номинациялар тизмеси:

"Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу"

"Профессионалдык лиганын мыкты футболчусу" (Кыргыз Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу)

"Футзал боюнча мыкты оюнчу"

"Футбол боюнча мыкты машыктыруучу"

"Футзал боюнча мыкты машыктыруучу"

"Футбол боюнча мыкты калыс"

"Футзал боюнча мыкты калыс"

"Мыкты аймактык ассоциация"

"Мыкты команда"

Кече Бишкек шаарындагы SHERATON мейманканасында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2019-12-23 20:02:50
Кымбат, жеке менчик отелге акча коротпой мындай өкмөттүк мекемелерде же спорт ордосунда өткөрсө болбойбу? Өкмөт неге ушундайларды көзөмөлдөбөйт. Канча акча сарпталат буга? Жана ал акчаны ким төлөйт? Ж.б суроолор көп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан