Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып пул төлөө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга соттолду. Экс-мэрлерге чыккан өкүм калыс болдубу же саясий чечим болдубу?" деген собол салды.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов экс-мэрлерге карата саясий чечим чыкты деген ойдо.
"Башында Албек Ибраимовго 20 жыл, Кулматовго 15 жыл суралган. Эл да ошого жакын камоо мөөнөтүн берет болуш керек деп күткөн болчу. Албек Ибраимовго 15 жыл берилип, Кулматовдун сот залынан бошотулганы көп суроолорду жана божомолдорду жаратат. Кулматов Бажы кызматында көп жылдан бери иштегендиктен, бийликке же башкаларга карата кандайдыр бир фактылары болушу мүмкүн. Балким Орусия тараптан басым болуп, чыгып кетти. Дагы бир божомол бар, Кулматов Атамбаевге карата көрсөтмө бергендир. Ушундай божомолдор болушу мүмкүн. Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов дагы саясий өңүттө камалган. Экс-мэрлерге карата саясий чечим чыкты деген ойдомун", - дейт Турдукулов.