Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Футбол федерациясы буга чейин аныкталган жыл мыктыларына сыйлык тапшырууда. FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында 9 номинацияда мыктылар аныкталды. Алар:
"Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" - Гүлжигит Алыкулов;
"Профессионалдык лиганын мыкты футболчусу" (Кыргыз Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу) - Фархат Мусабеков;
"Футзал боюнча мыкты оюнчу" - Максат Алимов;
"Футбол боюнча мыкты машыктыруучу" - Александр Крестинин;
"Футзал боюнча мыкты машыктыруучу" - Данияр Абдыраимов;
"Футбол боюнча мыкты калыс" - Сергей Грищенко;
"Футзал боюнча мыкты калыс" - Нурдин Букуев;
"Мыкты аймактык ассоциация" - Ысык-Көл;
"Мыкты команда" - 15 жашка чейинки кыз-келиндер арасында улуттук командасы болду.
Аземден кызыктуу көз ирмемдер тартылган кенен фоторепортажды ушул шилтемеден көрө аласыз.