Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Футбол федерациясынын сыйлык тапшыруу аземи өттү. Анда мыкты футболчу наамын Гүлжигит Алыкулов алды.
"Сыйлык алуу мен үчүн күтүүсүз болду. Номинанттар күчтүү болчу. Кичин же Бернхардт алат го деп ойлогом. Бул сыйлык мен үчүн чоң жоопкерчилик болот", - деди сыйлык ээси.
Аземден кызыктуу көз ирмемдер тартылган кенен фоторепортажды ушул шилтемеден көрө аласыз.