Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Советтик жана Кыргыз өлкөсүнүн кинорежиссёру, сценарист, актёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият тармагынын өкүлдөрү, бийлик өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда туулган. Ал «Ак кеме», «Караш-Караш», «Сүйүү закымдары» жана башка бир катар белгилүү фильмдердин режиссёру жана кыргыз кереметинин көрүнүктүү өкүлү болуп саналат.

Шамшиев 1975-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына, 1977-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ал эми 1991-жылы СССРдин Эл артисти наамын алган.

Болот Шамшиев узакка созулган оорудан улам 21-декабрда бул дүйнө менен 79 жаш курагында кош айтышкан.

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-12-24 17:42:41
Бейиши болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан