Ырчы Айбек Бакытбеков көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган. Анткени ал Кытайда чыгармачылыгын улантып жүрөт. Кечээ, 23-декабрь күнү Кытайдын Сиань шаарында өткөн эл аралык жаңы жылдык фестивалга катышканын маалымдады.
"Биз Кытайдын Сиань шаарында Жаңы жылга карата уюштурулган эл аралык фестивалга катышып, Кыргыз өлкөсүнүн атынан өнөр көрсөттүк", - деп билдирген ырчы мырза. Ошондой эле Айбек учурда Кытайда тил үйрөнүп жүргөнүн кошумчалады.