Оштогу балаты бийикпи же Бишкектеби? Нарындагы балаты быйыл да жүдөө эмеспи? (инфографика, сурамжылоо)

Аз күндөрдөн кийин 2020-жыл келет. Жаңы жылдын келиши менен көчөлөр, кеңселер үйлөр кооздолуп, өлкө майрамдык маанайга бөлөнүүдө. Мындай маанай Бишкек шаарынан тартып, бардык дубандардын борборлорунда болуп жатат. Тактап айтканда, Жаңы жылдык балатылар орнотулуп, чырактарды жандыруу иштери аягына чыкты.

SUPER.KG порталы жети облустун шаарларында Жаңы жылга карата жасалгалоого канча каражат кеткенин жарыялайт.

Бишкек шаары

Борбор калаадагы балатынын узундугу 27 метр, чырактары 13-декабрда концерттик программанын коштоосунда жандырылган. Учурда Бишкек мэриясы быйылкы балатыга коротулган акчаны эсептеп бүтө электигин айтты.

Ош шаары

Ош шаарындагы балатынын узундугу облустар боюнча эң бийик. Балатынын узундугу 30 метр болуп, жалпы жасалгалоо иштерине 973 миң сом сарпталган. Былтыр 1 миллион 525 миң сом каражат бөлүнгөн.

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаарындагы балатынын бийиктиги 28 метр. Жаңы жылдык балатыны борбордук көчөлөрдү кооздоого жана ар кандай иш-чараларга жалпы 1 миллион сом бөлүнгөн. Өткөн жылы балатыны орнотууга 1 миллион 370 миң сом кетсе, жалпы шаарды кооздоого 2 миллион 300 миң сом сарпталган.

Каракол шаары

Каракол шаарына быйыл 21 метрлик балаты орнотулду. Жасалгалоо иштерине 273 миң сом коротулганын шаардык мэриясынан билдирди. Былтыр 200 миң сом кеткен.

Нарын шаары

Былтыр Нарын шаарына орнотулган балаты катуу сынга алынган. Быйыл шаардык мэрия жаңы балаты сатып алды. Анын бийиктиги 12 метр болуп аны кооздоого 1 жарым миллион сом сарпталган. Өткөн жылы 219 миң сом жумшалган.

Баткен шаары

Баткен шаарында быйыл дагы эң арзан балаты орнотулду. Анын бийиктиги 16 метр. Ага 72 миң сом сарпталган. Былтыр 66 миң сом жумшалган.

Талас шаары

Талас шаарына быйыл 13 метрлик балаты орнотулду. Ага 151 миң сом коротулган.

СИЗДИН ОЮҢУЗ

кошулду
Балатылар парады: Кайсы шаарга канча сомдук балаты орнотулду?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (75)
Birimdik5555
2019-12-28 18:59:12
Ош сонун дайымкыдай эле,озгочо стилде жасалыптыр
-3
bekmaral
2019-12-28 21:24:01
Акча жегендин жакшы жолу экен.Бир жолу сатып алат.Кийинки жылы милион кетти деп туруп сол чонтокко согот.Козомолдосо болмок.
+5
Muslim.azamatovich
2019-12-29 10:28:41
Уят жок биздин чондордо,,,коп болсо 15 кун турат анан алынат не кереги бар ушунча акча кетирип а вообще то анча акча балатыга кеткен жок да чондорго премия жашыруун!
+2
etaj_rus79
2019-12-29 12:22:31
Кайсы мэрдин курсагы чооң деген конкурс болсо болмок экен милиондорду сиңирген
+2
BEKAjan
2019-12-29 13:40:21
Сенин көтүң чонбу же соседтикиби.Супер провокаторчу газета ушакчы катындар!
0
Fanatic
2019-12-29 15:41:59
Ай айбандар не береги бар ушёл балаты деп жаны был деп тобооо кылсанар
-3
Shokoladka94
2019-12-29 16:53:21
Кайран акча, карызыбыздан кутула албай жерибизди алдырганы турсак ёлка кооздой беришет миллиондорго. Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы ото аз, жыланач айлык менен жашап жатат, мамлекеттин карызы учун, бирок ошол келген акча олконун онугушуно жумшалса жыргайт элек го. Биздин бюджет жылтырак жултуракка короп кетип жатат
+1
Blueaffair
2019-12-29 17:18:08
Ушинтип жудоо эмеспи деп кайраштырып жатсанар ысырапкорчулук болоберет даагы да.
+1
Kantana
2019-12-29 22:07:56
Бир арча жокко жалал абадтыкы
0
Makhabattt
2019-12-30 10:37:54
Нарындыкы кооз болуптур
+1
Shaa.myrza
2019-12-30 14:24:29
ушуларга кеткен акчаны жетишпегендерге берсе 3 млн сомду орттоп ийишиптир да жон эле арык уйга жоон муйуздун кереги эмнее
0
_PeriWa_
2019-12-30 16:16:46
Нарындын балатысы жакшы жасалыптыр. Оштуку бийик болгону менен простой экен.
0
Esennura
2019-12-30 16:33:21
эптеп септеп бир нерсе эле жаза бересиңер садика окшоп
0
talant87
2019-12-31 09:22:38
Админ бугункуго ар Бир айылдардын арчаларынын суротун жонотсо чыгаргылачы мумкун болсо канча акча каражаты жумшалганда
+2
Nestana95
2019-12-31 14:21:07
Нарыныма Бишкектин былтыркы елкасынын баляларын чаптап койгон эмеспи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан