Сооронбай Жээнбеков: "Болот Шамшиевдин чыгармачылык пландары арбын эле..."

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда залкар кинорежиссёр Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусун Кыргыз өлкөсүнүн президентинин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

"Бүгүн СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, залкар режиссёр Болот Шамшиевди түбөлүк сапарга узатып жатабыз. Ал керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды. Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун кереметин түзгөн өзгөчө бир доордун ажырагыс бөлүгүн түзөт.

Болот Шамшиевдин режиссёрдук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды. Болот агабыз кыргыз тарыхын, айрыкча "Манас" эпосун терең изилдөө үчүн олуттуу иштерди аткарды. Ал "Манас" эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды. Биринчи тарткан илимий-популярдуу тасмасы Манас темасына арналды. Бул фильм Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыган.

Ал эми 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленгенде масштабдуу чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссёру болгон. Болот Шамшиев залкар кинорежиссёр гана эмес, көптөгөн актёрлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон. Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актёрдук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдыздарына айландырган.

Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Туризм жана спорт агенттигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаган. Ал өмүрүнүн соңку жылдары бир нече сценарийлерди, 10дон ашык кино долбоорлорду, үч чоң китепти жазды. Жакында эле мени менен жолугушууда болуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле. Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланды. Эң негизги сыйлыгы — элибиздин терең урматына татыды. Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти.

Кыргыз өңүн ааламга тааныткан режиссёр катары Болот Шамшиевдин жаркын элеси элибиздин эсинде калат", - деп айтылат өлкө башчынын телеграммасында.

Белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 24-декабрда Опера жана балет театрында өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2019-12-24 15:22:13
Шамшиев Айтматовду дүйнөгө таанытты Чокморовду дүйнөгө таанытты бирок Убакыт деген нерсе эч качан токтоп турбайт экен ар бирибиздин ичеер суубуз түгөнгөндө ушинтип кете берет экенбиз
+8
Jaznura
2019-12-24 15:24:39
Болот Шамшиев кыргыз маданиятына көөнөргүс салым кошуп кетти. Жаткан жери жайлуу болсун.
+4
Absamat-90
2019-12-24 15:25:34
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан