Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланууда.
Анда Сапар Исаков отурумга катышпай тургандыгы тууралуу билдирүүсүнүн негизинде, судья "айыпталуучу өкүм чыкканда эле келет. Отурумду Исаковдун катышуусуз өткөрөбүз",- деди.
Ал эми жактоочу Нурбек Токтакунов сотту бул иштен баш тартууну өтүнмө кылды.
Отурум сот Марат Сыдыковдун төрагалыгында өтүүдө.