Бүгүн, 24-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Кыргыз улуттук искусство музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоо боюнча соттук отурум уланууда.
Ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков алынып келген жок. Буга байланыштуу сот Марат Сыдыков айыпталуучу өкүм чыкканда эле келерин билдирген. Жактоочу Нурбек Токтакунов соттун мындай билдирүүсү мыйзамсыз экенин айтып, соттун бул иштен баш тартуусун өтүнмө кылган. Башка жактоочулар Токтакуновдун өтүнмөсүн колдошту. Алар соттук отурумдун бейтараптуу өтүшү күмөн болуп жатканын айтышты. Сот кеңешүүгө кирип кетти.
Сот кеңешмеден келгенден кийин жактоочулардын өтүнмөлөрүнөн баш тартылганын айтып, отурумду улантты. Анда айыпталуучу Мира Карыбаева катышып жатат. Сот отурумга келген күбөдөн: "залдагы айыпталуучулардан кимди тааныйсыз?", - деп сураганда, эч кимди тааныбай турганын билдирди.
Сот: "Мира Карыбаеваны тааныдыңызбы", - деген суроосуна күбө "жок", - деп жооп берди.