Кыргыз спортчулары Алмаз Акун жана Бакыт Кадыров Грузияда грэпплинг боюнча өткөн эл аралык WJF 7 PRO GRAPPLING мелдешинде чемпиондукту багындырышты.
Алмаз Акун 85 килограмм салмакта Имран Мамедовду жеңип алган. Бакыт Кадыров 80 килограмм салмакта грузиялык Рамиль Элчиевди жеңип алды.
Эки спортчу чемпиондук курду багындырышты.