15 жылга эркинен ажыратылган Албек Ибраимовдун конфискацияга алынган мүлктөрү

15 жылга эркинен ажыратылган Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун конфискацияга алынган мүлктөрү. Маалымат Ленин райондук сотунан алынып жарыяланды.

Экс-мэрдин жубайы Айнура Ибраимованын БТА Банктагы 22 миң 996 сом жана 13 миң 229 сому;

Айнура Ибраимовага катталган Чүй облусунда жайгашкан 147 жер тилкеси;

Тойота-Рав4 үлгүсүндөгү унаа;

"Мурас" дыйканчылык чарбасы;

Арашан айылындагы үч дачасы;

"Уздар Трейд" ЖЧК;

"Евразиялык сактоо банкы" ААКсындагы 29 миллион 960 миң сомдук 9,98677 пайыздык үлүшү.

"Солнечный берег" пансионатынын чыгымын Албек Ибраимов ордун толтуруп, 82 миллион 750 миң 556 сом берген. Ал каражат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго өткөрүлүп берилген.

"Дастан" ишканасынан 21 миллион 977 миң 283 сом өндүрүлгөн.

Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу боюнча Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Сталбек Өмүрканов, Кубат Шаршекеев жана Сейиткан Алиевден 94 миллион 864 миң 180 сом өндүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
marat_1910
2019-12-24 20:36:48
жанагы жайнан жер участок, айдо жерлеричи? конфискация деп эле аны да сл чонтокко шыкашат да. -2-3 жылдан кийин аппак кылып чыгарып ийишет
+5
filis
2019-12-24 22:58:39
marat_1910,
Сен айтчы, Жанагы Раиммиллион, Асылбек Жээнбековтордун дагы кылмыштуу жол менен алынган жер учостогун, Дубайдагы 12 млн доллардык уй мулкторун ким конфискация кылат. Эгер Сооронбай деген неме адам болсо эл алдында калыс болмок. Сооронбай калыстыгы жок учун эл арасында кадыр баркы жок президент болду. Соронбай элдин козуно корунбой кетип калчы.
-4
Momun...
2019-12-25 14:46:49
filis,Сооронбай Шариповичтин коррупция менен курошом деген убадасын аткарып жатканы учун многу чондордун былыгы чыгып канчасы турмодо жатат. Рахмат деп кайра колдош керек го акыры? Иштеп атат. Дагы коп жакшы иштерди аткарат кудай кааласа.
-1
gitaris93
2019-12-24 20:38:15
Калганы кана 9 минден көчөт алды эле го аларды бул башталышы эле, куураган чал кртанда кууратты го кууратты
+9
chake
2019-12-24 20:51:46
баарын мамлекетке өткөрүп кытайдан алган карызды жаап салыш керек 1 сом болсо да
+12
Alimbek1000
2019-12-24 20:54:27
Эми буларды сатып карызды кутулсак болчудай
+10
titanik32
2019-12-24 20:57:53
Калган уурдап жымырып алган мүлктөрү кайда?
+6
Sakubek
2019-12-24 21:07:19
147 га жерби же 147 штукпу. Тактап койсонор
+11
PROS
2019-12-24 22:49:35
Sakubek, Чүй облусу боюнча 147 жердеги жер тилкесин конфискациялаптыр мамлекет. Конфискацияланбаганы канча экен э?)
0
Sakubek
2019-12-24 23:33:45
PROS,Анда жер тилкелери деш керек эле
+1
Jaznura
2019-12-25 09:09:38
Кандай күндө да Албек Ибраимов өз жазасын алсын.
+4
mirkaa5182
2019-12-25 09:45:16
Жакшы эле кылыптыр, кичине болсо да мамлекетке пайда болуп.
+1
Tolik777
2019-12-25 11:57:55
Кубан Кулматовду да сыкса болмок. Анын да коп фирмалары бар. Жегич Аскар Шадиевдин кудасы. Же жен ичинен соодалашып алдыбы?
+2
Apyn8793
2019-12-25 14:55:02
Асылбек баарын чечип атат озу. Бергенин чыгарат да бербегенин отургузат. Соке жон эле корсо да кормоксон болуп журот. Бабанов деле акцияларынан берип иши тынчыды. Раим деле миллиондорду тыкты Асылбеке, эми болсо тайрандап журот ошол миллиондорду ММКалардан сот аркылуу сыгып.
+2
elchi84
2019-12-25 17:52:48
Apyn8793,Мурунку бийликке караганда кыйла жакшы жылыш бар камасын бир чекеден кустурсун .
+3
bikusim
2019-12-25 18:55:08
Атамбаев президент болуп турган кезде, гитара менен ырдаган ырын угуп эле отурчу эленерго мемиреп. Эми камалып, кармалып атса деле нааразысынар.
+1
Moskva2019
2019-12-25 19:21:00
Майнага иштеген жонокой кызматчыдан баштап,президентке чейин эч ким байымак эмес уурдабаса.Айлык акы м.н мынча миллиондорду топтоо ото эле кыйн.Значит урдадынбы эми кусасын.
0
NURSAPAR
2019-12-25 19:30:04
Шүгүр кылбаган пендебиз да,АША нын убагында бир тыйын өндүрбөсө дале күңк этпей отурчу элек го. Аз маз болсо да жылыш бар го. Неге эле нааразы болуп жатышат анча мынчасв. Ошончо боктошуп кеткен мамлекетти тез эле түзөп болбойт. Кыргызда жакшы сөз бар. Көч бара бара түзөлөт. Иштей берсин Сооронбай Шарипович
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан