КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Тасма талаасында кырсыкка кабылган Руслан Акундун "Көк бөрү" фильми SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Руслан Акун режиссёрлук кылган "Көк бөрү" тасмасы менен толукталды.

Кыргыздын улуттук оюну көк бөрү тууралуу тартылган тасмада казак актёру Асылхан Төлепов, актриса Гүлназ Жоланова, кыргыз актёрлору Эмил Эсеналиев, Жума Мамакеев жана башкалар роль жараткан.

Драма жанрында тартылган тасма 2018-жылы Ысык-Көлдө тартылган. Тасма тартуу учурунда режиссёр кырсыкка кабылган.

"Тартуу иштеринде "Ынтымак" командасынын оюнчусу Ахилес аттуу тулпарды берип кубандарды. Ахилести тартып бүткөндөн кийин ага жакындайын деп жатканда, аркамда турган азоо ат тээп жиберди. Мындан улам эки күн ооруканада болдум. Андан кийин корсет кийип алып, тасма талаасына келдим", - деген ал.

Руслан Акун тасма тартуу үчүн каражат аябаганын, акырында банктан насыя алганын билдирген. Бул фильмди тартуу үчүн атайын изилдөө топ түзүлгөн. Алар көк бөрүчүлөр менен чогуу жүрүп, изилдөө жүргүзүшкөн. Андан соң гана изилдөө тобунун маалыматтарына таянып, сценарий 8 айда даяр болгон.

"Көк бөрү" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан