Эртең, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отуруму саат 9:30да каралат. Биринчи май райондук соту Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарган.
Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин "барымтага алуу", "массалык баш аламандык уюштуруу" жана "бийликти күч менен басып алуу” боюнча айып коюлган.