"Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы "капчык" деген жок" деп бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйында билдирди.
"Бажыда иштеген карапайым, жөнөкөй бирөөнү көрдүңөрбү? Анын мүлкүн, байлыгын көрсөң биринен-бири ашат. Биздин элибиз коррупцияны аябай жаман көрөт да. Аны баарыбыз жек көрөбүз. Эл менен жолукканда жардам бергиле деп айтып жатам. Коррупционерлер биздин арабызда баспай турган шарт түзөлү. Маалымат каражаттарына рахмат. Жазып жатасыңар бизге чоң жардам болуп жатат. Ошого реакция кылып жатабыз.
Мага чейинки жылдардагы коррупционерлердин саясий технологдору элибиз коррупцияны жек көргөнүн билип туруп Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып мага жабыштыргысы келип жатат. Азыр мен да ушуну аягына чыгарганга кызыкдармын. Азыр УКМКнын алдында атайын тергөө тобу түзүлдү. Ал иштеп жатат. Тапшырма берилди. Мен да карап турам. Убакыт керек. Эгерде билгениңер болсо, ошол фактыларды бергиле, тергөөгө жардам бергиле. Силер айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек да. Айтып койсоңор эле бирөөнү камай албайбыз. 1937-жыл эмес да. Аны бекемдеш керек. Маалыматым боюнча, азыр Райымбек Матраимов, эки депутат, Ширин Айтматова сурак берип кетти. Райымбек Матраимов 23-ноябрда кызматтан кетти, мен 24-ноябрда келдим. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы “капчык” деген жок. Мен жогуна кызыкдармын. Ошондуктан санариптештирип жатабыз", - дейт президент.