"Шашылып калдым". Кара-Көлдөгү тоннелден каршы тилкеге чыгып, башка унааларга авариялык абал жараткан унаанын айдоочусу кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы тоннелден катуу ылдамдыкта келе жаткан оор жүк ташуучу унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, авариялык абал жараткан видео интернетке тарады. Окуя 24-декабрь күнү саат 10:00 чамасында болгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Окуя Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы тоннелде болгон. Анда 41 жаштагы айдоочу өзүнүн башкаруусундагы Волва FH500 үлгүсүндөгү жүк ташыган унаасы менен тоннелдин ичинен жолдун каршы тилкесине чыккан. Ошондой эле алдыда келе жаткан унааны ашып өтүп, каршы тилкеде келе жаткан унааларга авариялык абал жаратып, андан ары жолун улаган. Көрсөтүлгөн факт боюнча айдоочунун аты-жөнү такталып, ага эки берененин негизинде бузуу протоколу толтурулду", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Айдоочу өз сөзүндө "Оштон чыгып, Кара-Көлгө жеткенде шашылып калдым. Мен унааларды ашып өттүм. Алар токтоп калган, мен кетип калдым", - деген.

Тоннелден каршы тилкеге чыккан жүк ташыган унаа (сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Kyrgyz_bloger
2019-12-25 17:57:21
Тоннелдин ичинен обгонго чыкса болбоорун билбейт бекен,правасын алып коюш керек 10 жылга.
+17
Muslim_KGstana.
2019-12-25 18:07:31
Кечирим сурабайсынбы МАЛ,шашылдым деп актанбай МАЛ.
Сен моралдык жактан ошол жердеги инсандарга чон зыян алып келдин.
+11
Shef87
2019-12-25 19:18:35
ушундай чон машина айдагандар эрежени уруп ойнобойт максат жетиш керек
+10
bessmertiy
2019-12-25 21:53:11
Нендурайын десе. Кечээ да биз Ноокаттан Ошко келе жатсак 5-6 фура катарынан келе жатыптыр. Бир фура алдыбыздан чыгып биздин фарды жандырганыбызга да карабай каршы тилке менен келип биз четке чыкканга араң жетишип калдык. Видеого тартканга жетишпей калдым да сволочту.
+5
didu
2019-12-25 22:33:52
омурбою правасын лишать этсин
+11
boston___
2019-12-25 23:54:13
тунелдеда чыгавы авгонго алдындагы машинедегилер бир олумдон калыптур
+8
taalay89
2019-12-26 01:05:20
Айдоочулук укуктан ажыратып ташташ керек
+10
ajos
2019-12-26 04:02:27
Дагы кудай сактаптыр башкаларды! Угушумча бул айдоочу мурун бир кишини сузуп кетип, ал киши каза болгон. Кары киши болгон учун, анын олумго кеткен чыгымдарын которуп кутулган. Ошол да сабак болбоптур. Катуу жазаланбаса дагы канча адам зыян тартышы мумкун бул айдоочудан.
+5
Arman7
2019-12-26 05:05:53
Жок дегенде айдоочулук укуктан ажыратылсын
+4
sherzatik
2019-12-26 06:49:33
Ушундай айдоочулардын айынан канчалаган өмүрлөр кыйылып жатат. Көк мээге катуу жаза бергиле кийин кайталабай калсын?
+5
Akylbek87
2019-12-26 09:39:16
туйруш керек канча адамды стресске учаратты.Мындайлардын правасын решат этиш керек
+3
UmBaEl
2019-12-26 09:58:40
Ушуга окшогон текеберлерди эл озу интернет сайттар аркылу правасын алып койуусун талап кылып которулуш керек,ошондо башка текеберлерди да ойлоноор.
+1
ZhanMM
2019-12-26 11:32:47
Тыйынын алып кое берип койбогула. Тажрыйбалуу, Фура айдаган айдоочунун кылганы ушул болуп жатса, калганына соз жок. МАИ кызматкерлери, эмдиги кырсык оз жакынынар, деги эле куноосу жок адамдар болбойт деп ким кепилдик бере алат?
+2
senchi
2019-12-26 11:43:16
Правасын жокко чыгарып озун темир торго айдагыла. Ушулар адамдарды олтуруп жатат. Бул кылыгы кайталанат жана мурунда кайталап жургон,канчасын уже олтургондур.
+2
Musafir
2019-12-26 15:42:23
Өзү буларды МАИ лер тосконго духу жетпейт эле, муну кантип тосушту экен? Булар жолдо өздөрүнөн башкаларды адам ордунда көрбөй айдайтта 120 дан жогору кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан