Бүгүн, 25-декабрда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. Ага 200гө жакын журналист катталып, 3 саатка созулган убакытта 50гө жакын журналист суроо узатышты.
Ага Алмазбек Атамбаев боюнча да суроо берилди. "Урматтуу президент, сизди адам катары Алмазбек Атамбаевдин тагдыры ойлондурабы? Ал эмоционалдуу адам, күтүлбөгөн кадамдарга барат деп ойлобойсузбу?" - деди журналист.
"Биз оор кырдаалда чогуу болуп, эл кабыл албай жаткан режим менен бирге күрөштүк. Анын тагдырына кайдыгер эмесмин.
Мен президент болгондон бери Атамбаевге бир да сөз айткан жокмун. Анткени мамлекеттин бүтүндүгү, элдин ынтымагы бийик турат. Ал кандай сөз айтса да көңүл бурган жокмун, өзүңөр көрдүңөр, эмне деген гана сөздөр айтылып жатты. Мен токтойт го деп күттүм, бирок ал мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келчүдөй абалда кетип жатты. Эми калганын сот чечет, чечимдерге карата бир нерсе дей албайм, ачыгын айтканда, мен жеке адамдардын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогонго өттүм. Мени анын тагдыры ойлондурат, жүрөгүмдү оорутат. Менин алдыдагы күнүм кандай болот бир Кудайдын колунда. Күндө жакшы иш кыла берсе, келечек жакшы болот. Буюрса, келечекте мыйзам алдында, Кудайдын алдында таза болот деп ойлойм", - деди мамлекет башчысы.