Ош ОИИБи Өзгөндө чоң энесине бычак сайып, качып кеткен деп шектелип жаткан небереге издөө салды

Ош облусунун Өзгөн районунда чоң энесин бычак менен сайып, качып кеткен деп шектелип жаткан 22 жаштагы небереге издөө салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Жаныбек уулу Эрмек. Ал 12-декабрь күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жашаган чоң энесин эч себепсиз бычак менен көкүрөк тарабына бир жолу сайып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Сүрөттөгү жарандын жашырынып жүргөн жерин көргөн-билгендер болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө кабарлоону Ош ОИИБи суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BarsBaatyr
2019-12-25 17:30:36
Иттин гана баласы
+1
bond02
2019-12-25 17:51:49
Бир жолу жаны жылдан кийин издебепсинер да.
0
Nevestkaa
2019-12-25 17:59:32
Ушул небереси төрөлгөндө чоң энеси сүйүнсө керек эле.Баарыбызга ынсап берсин.
+3
Belek1710
2019-12-25 19:07:44
Жакшы көзүн ачып издөө салыпсыңар, адатта көзүн жаап коюп издечү элеңер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан