"Кошуна өлкөлөр өсүп, өнүгүп жатат. Ал эми биз аларды карап, суктанып коюп олтурабыз". Бул пикирин бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясында футбол боюнча Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин айтты.
Шаардык кеңештин депутаттары футболдук борборго жер тилкесин бөлүп берүү боюнча маселени карап жатышат. Грант катары бөлүнө турган 10 миллион доллар акчага жер тилкесин бөлүү учурда маселе жаратууда. Тиешелүү тараптардын айтымдарында, борбор курууга тиешелүү жер тилкеси табылбай жатат.
Эгерде мэрия белгилеген убакытка чейин жер тилкени таап бере албаса, грант кошуна өлкөгө бөлүнүп кетиши мүмкүн.
Башкы машыктыруучу Крестининдин айтымында, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондуктарына активдүү катышып келе жатат.
"Аларда машыгуу үчүн туура систем калыптанган жана алардын келечеги дагы сонун экени көрүнүп турат. Кошуна өлкөлөрдүн баары спорт комплексттерин куруп бүтүшкөн. Ири комплекс бизде гана жок. Кошуналар өнүп, өсүп жатат, биз кол куушуруп олтурабыз.
Биз өлкө башчы менен бул туралуу сүйлөшкөнүбүздө, ал бул нерсени кош колдоп колдой турганын айткан. Бүгүн бизде тарыхта кала турган мүмкүнчүлүк болуп турат. Эгер бул кадамды таштасак, тарыхта калат элек. Ал эми биз болсо жөн гана олтуруп, талкуулап жатабыз", - деди Крестинин.