18-августта Кыргызстанда 16 өрт кырсыгы катталып, өрт өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы орун алган. Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында жыгач устундуу, шифер менен жабылган курулуш чарбанын 100 чарчы метраянттагы чатыры күйгөн. Учурда кырсыктын келип чыккан себеби такталууда.