Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралууда. Соттук отурум жабык өтүүдө

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралып жатат.

Соттук отурум жабык өтүүдө.

Жеринде жүргөн кабарчыбыз билдиргендей, Талас облусунан келген жарандарды соттук отурумга киргизишкен жок. Алар сот жабык өтүп жатканына нааразы болушууда.

Ошондой эле отурумга журналисттер дагы киргизилген эмес.

Биринчи Май райондук соту Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин "барымтага алуу", "массалык баш аламандык уюштуруу" жана "бийликти күч менен басып алуу” боюнча айып коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2019-12-26 11:02:19
Равшан Жээнбеков камакта калары анык.
0
robot111
2019-12-26 11:33:09
Равшан Жээнбеков эч качан элди жыргатпайт. Анын тили эле бар. Колунан эч нерсе келбейт. Буга чейин далай мамлекеттик жумуштарда иштеди эмнени кыйратып койду.
+1
yrmat88
2019-12-26 11:44:16
robot111,Сооронбай Жээнбеков эмнени кыйратып койду. Кара кыздын агынан эмес багынан болуп, Атамбаевтин аркасы менен кыпчылып президент болуп алды. Кийин Атамбаевтин анын артына суу куюп кетти. Озуно окшогон дөдөйлөрдү кызматка элчи кылып дайындап жатат. Атамбаев эч качан Сокенерге окшоп трайбалист болгон эмес. Соке жердештерин ар кайсы кызматка дайындап жатат. Бакиевский метод. Азыр Сооронбай Жээнбековко ишеним арткан киши деле калбай калды. Соке кетсин.
0
robot111
2019-12-26 11:32:36
Өз мезгилинде текейден арзан сатылып же жеке колго өтүп кеткен имараттардын көпчүлүк бөлүгү Равшан Жээнбеков мамлекеттик мүлк фондун башкарган 2001-2004 –жылдарга туш келет. Минтип жаш жеткинчектердин ырыскысына кол салган адамдын эми минтип мамлекет, эл үчүн күйүмүш эткени адамдын кыжырын гана кайнатат экен.
0
filis
2019-12-26 11:36:08
Соттор Сокенин кылмыштуу саясий буйругун аткарып жатышат. Кечееки суйлогон создорун уксан калп чынын аралаштырып жатты. Озунун кошоматчы коррупцияларын актап, бийлике ачуу чындыгын бетке айткан адамдарды ар кандай жол менен кысымга алып жатат. Жэ болбосо туугандарына иш козготуп, эски жараларын чукуп чыкмай бугунку Сооронбайдын карасанатай иши болду. Соке келгени бир жылыш болгон жок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан