Футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаев: "Футбол борборун куруу маселеси чечилбесе, улуттук курама команда Бишкекте оюндарга чыгуудан баш тартат"

25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып, бирок аягына чыкпай калган. Бул маселени кароо бүгүн, 26-декабрда саат 11:00дө улантылмай болгон. Бирок жыйын дагы деле баштала элек.

Кыргыз футбол федерациясынын вице-президенти Дастан Конокбаев эгерде Футбол борборун куруу маселеси чечилбесе, анда улуттук курама команда Бишкекте оюндарга чыгуудан баш тарта турганын билдирди.

- Жер маселеси эмнеге чечилбей жатат? Эмне кармап жатат?

- Депутаттар өздөрү мэрден сурап жатышат, эмнеге бул маселе кармалып жаткандыгын. Мэр өз сөзүндө бул долбоорду колдой тургандыгын айткан. Бирок учурда сөздү эмес, биз чечимди күтүп жатабыз.

- Футбол борбору курулбай калса эмнени жоготкон болобуз?

- Футболчуларыбызды сапаттуу даярдандырууну жоготобуз. Ар кыл жаштагы 20дай Улуттук курама командалар бар. Башка өлкөлөр менен атаандаштыкты жарата албай калабыз. Учурда команданын базасы жок. Башка өлкөлөргө барып, көп каражат короткончо өзүбүздүн базада даярдык көрмөкпүз да.

Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
murat17
2019-12-26 14:57:15
пусть экинчи борбор Ошко курсун оштуктар кучак жайып тосуп алат
+7
Dembele84
2019-12-26 16:31:18
murat17,Оштогу академия бир жакшына иштеп жатат,жаш футболчулар машыгууну катырып жатат.
+1
murat17
2019-12-26 18:30:43
Dembele84,дагы курсун Бишкек уруксат бербесе каякка курат анан тем более Ош абасы жылуу кышка дагы жакшы болот Нарын болбойт
+2
Dembele84
2019-12-26 19:26:38
murat17,Кошулам,андан да чонураак кылып курушса,жаштар эмес сборныйдын да балдары тренировка кылмак,
0
kechirmeni
2019-12-26 15:25:09
Ошто академия футбола бар го
+1
oroskulov1988
2019-12-26 15:29:19
Келечектеги балдарыбыз учун жерди болуп бергиле
+4
TalaCSKA
2019-12-26 15:30:35
Эчак сатылып кетсе керек болжогон жерлер.ошонун айласын издеп атышат да МЭР баш болуп.футбол борборду шаардан аяабай алыс салганга болбойт да бирок шаар тегерегиндеги жерди эчак сатып бутушкон эшектер!дагы айтып койушат типа генплан деп.атанардын башы акмактар! футбол борбордон маанилуу бир кана больница жана мектеп бар. турак жай маанилуу эмес эй акча десе энесин сатчу айбандар!!!
+3
Musafir
2019-12-26 15:37:25
Силердин оюнга чыкпай койгонуңар бир тыйында буларга. Жер бөлүп бербей жаткандан кийин, футболду урганы барбы.
+4
bekmaral
2019-12-26 15:55:18
Musafir,Мянмада тополондо Мянма уйундо откоро турган оюнун Японияда откозду эле ошого окшоп Кыргызстан кабыл ала турган оюндарды Озбекстанда же Россиянын стадиондорунда откоруп журо берет экенбиз да ошол жактан болелщик болуп анда.
+1
tynar92kg
2019-12-26 15:42:27
Булардын балдары жокбу? Келечекти балдарыбызды ойлобойбу. Бизденда намыска жараган балдар чыгып, дуйнону багындырса жаманбы тойбостор.
+3
bulathan
2019-12-26 16:09:53
кепшегенден башканы билбегендер, 5500 сом ар биринин бетине
+1
bulathan
2019-12-26 16:11:44
эптеп убакыт откоруп салалы деп койдой жайылып журушот да ****
+2
zevs
2019-12-26 16:13:30
Dayar akchany koldono albagan kok meelerge soz jok. Kantip mamleketti bawkaryp jurosunor. Je ozunor jarytyp bir stadion kurup bere albasanar.
+2
Myrza.aksy
2019-12-26 18:43:47
Жерди бекер бергилери келбей атат окшойт,сатып конушуп калганда
+1
keku00
2019-12-27 00:40:45
Бул нерсенин артында политика жатат айланайындар. Такыр уруксат бербеши керек мерия. Ещё сборный оюнга чыкпай коёт дегени эмнеси.Кант деп тузду берип жатат ФИФА бизге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан