Бүгүн, 26-декабрда депутат Асель Кодуранова төрайымдын орун басарлары Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева жана саясий кеңештин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев ИИМге суракка чакырылган.
Чакыруу саат 15:00гө белгиленген.
ИИМдин алдына чогулган КСДП партиясынын активдүү мүчөлөрү суракка чакырылгандардын баары тең келгенин айтышты.
"Суракка төртөө тең келишкен. Бирок тергөөчү Карамушкина менен Кодуранованы башка күнү сурайбыз деп коё берди", - дешти алар.
Учурда ИИМдин тергөө башкармалыгында Кундуз Жолдубаева менен Мээрбек Мискенбаев сурак берүүдө. Суракта беттештирүү процесси жүрүп жатканы белгилүү болду.
Суракка Алга Кылычев да келген.