ЖКнын депутаты Ж.Саматовдун жардамчысы Т.Жакыпов 11 жылга эркинен ажыратылды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынын 17-августта ЖКнын депутаты Ж.Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыпов 11 жылга эркинен ажыратылды. Өзүнүн соттогу акыркы сөзүндө Т.Жакыпов 2012-жылы болгон автокырсыктан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнөн кечирим сурады. Соттун өкүмүнө ылайык Т.Жакыпов 11 жылга эркинен ажыратылды, ошондой эле 3 жылга чейин авто колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн четтетилди. Муну менен катар жабыркагандарга 3 миллион 857 миң 520 сом өлчөмүндө айып пул төлөп бериши керек. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 8-декабрында Бишкектеги Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаа катышкан ири автокырсык болуп, 3 адам каза болгон. Ага катышкан Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу, аталган депутаттын жардамчысы Жакыпов айыпталган.        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан