Бишкекте Футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралууда, бирок чечим чыкпай жатат. Аталган борбор ФИФАнын гранттык каражаты менен салынат. Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуевдин айтымында, жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФА Футбол борборун башка өлкөгө курат. Бишкек шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, жыйынтыкка келе албай жатышат.
SUPER.KG порталы "Футболдук борбор куруу үчүн жер тилке бөлүп берүүнү чечүү жагын Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңеши создуктуруп жатат. Мындай жагдайда уланса, Кыргыз өлкөсү 10 миллион долларлык гранттан куржалак калат. Баш калаанын бийлик өкүлдөрү жарым жылдан бери жер бөлүп берүүнү эмне үчүн чечпей жатат?" деген собол салды.
Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канат Маматов тиешелүү шарт түзүлмөйүнчө күчтүү футболчулар чыкпайт деген пикирде.
"Футбол борборун грант алып келип куралы, Бишкектен ошого туура келе турган жер бергиле деп айтып жатабыз. Гранттын дагы бериле турган мөөнөтү болот да, 6 ай мурун айтканбыз жер чечилбесе башка мамлекетке грант берилип кетет деп. Бүгүнкү күнгө чейин жер бериле элек. Эки күндөн бери шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттары жер берели деп колдоп жатышат, бирок ишке ашпай жатат. Футбол борборлору курулбаса, кантип футболчулар чыгат, кантип биздин курама командаларыбыз күчтүү болот, каякта машыгышат? Башка мамлекеттерде жер бөлүп, мамлекет өзү борборлорду куруп берет, бизде болсо өзүбүз куруп алабыз жер эле бөлүп бергиле десек беришпейт. Анан кайдан бизде күчтүү футбол болсун? Шарт түзүлмөйүнчө, күчтүү футболчу чыкпайт, биринчи шарт түзүп берсек, анан жакшы жетишкендиктер болот. Эмнеге маселе чечилбей жатканын билбейм, менде болгон маалымат боюнча мэриянын бизге жана грант бере турган мекемеге туура келе турган жери бар", - дейт Маматов.