"Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы эң маанилүү жеңиши кайсы экендигин атады. Ал бул тууралуу DAZN спорттук каналына берген маегинде айтты.
"Португалия менен Европа чемпиондугун багындыруу мен үчүн эң маанилүү жеңиш. Ал күнү мен ыйладым, күлдүм, жаракат да алып калгам. Финалдан кийин майрамдап жатып, мас да болуп калгам", - деп айтты Роналду.
Евро-2016 финалында Португалия Францияны 1:0 эсебинде жеңип алган.