Кара-Суу шаарында болгон атышууда жаракат алгандардын аты-жөнү такталды

18-августта Оштун Кара-Суу шаарында болгон жаңжалда жаракат алган жарандардын аты-жөнү такталды. Кара-Суу аймактык ооруканасынын жетекчиси Каныбек Муратов билдиргендей, 18-августта 14:00дө ооруканага 1988-жылы туулган Мунар Сайпидинов бычактан жаракат алып кайрылган. Ага операция жасалып, учурда абалы канааттандырарлык экени айтылды. Ал эми 1983-жылы туулган Исламбек Каримов колуна ок тийип кайрылган. Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн, ал ооруканага жатуудан баш тартты. Ошондой эле Жалал-Абад облустук ооруканасына 1987-жылы туулган Нурмухаммед Карагулов октон жаракат алып кайрылган. Аталган оорукананын башкы дарыгери Абдылатип Шамшиев билдиргендей, Нурмухаммеддин колтук жагына ок тийген, учурда абалы канааттандырарлык. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jooshbala
2013-08-19 10:30:55
Эмне болду эле кара сууда?
0
admin_superstan
2013-08-19 14:35:24
jooshbala, Саламатсызбы!
Кара-Сууда атышуу болгон:
http://www.super.kg/kabar/news/29117/
0
marin
2013-08-19 10:33:59
Ii men jok kara suu da ne boldu dagi ozdek 4tole kiw abatka tiyiwpesin da
0
Shekerbek
2013-08-19 11:57:09
эки тарап тен партиянын мучолору экен го!
0
roy
2013-08-19 14:31:23
СДПК шайланбаса атылып жок болосунар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан