Орусиянын Хабаровск крайына караштуу Амур дарыясындагы суунун деңгээли бир суткада 17 сантиметрге көтөрүлүп, 6 метр 58 сантиметрди түздү. Маалыматты бүгүн, 19-августта аталган крайдагы МЧС башкармалыгы кабарлады. Суунун деңгээли 25-августта 7 метр боло турганы күтүлүп жатат. Ал эми эң кооптуу учур деп 17-19-сентябрь күндөрү болжолдонууда. Бул күндөрү Архангеловка айылындагы Тунгус дарыясында суунун деңгээли 10 метрге жетиши мүмкүн. Суу каптаган аймакта 28,5 миң жаран бар экени, 113 калктуу аймак суу алдында калганы айтылды. Амур облусунда, Хабаровский жана Приморский аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.