Чүй ОИИББинин башчысынын дарылануусуна 3 жарым миллион сом каражат бөлүнөт

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкуловдун дарылануусуна өкмөт 3 жарым миллион сом бөлөт. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-декабрда кол койгон.

Бөлүнгөн акча Саламаттыкты сактоо министрлигинин ушул жылдагы бюджетинен каралган.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.

Буга чейин Самат Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Musafir
2019-12-29 18:20:48
Өзүнүн жеп чогулткан акчаларын корото бербейби бюджетке зыян келтирбей. Мвд увдларда укмуш коррупция барго, бир эле ишти жаап салыш үчүн 20 000$ дан жогорку ставкалар ойнойт!
+9
arena2014
2019-12-29 18:33:08
Карапайым калк ушундай болсо даже больницалар кабыл албайтко. Эмне деген тенсиздик?
+13
bema_bema
2019-12-29 19:41:49
Ар нерсени жаза бербесенер билип билбей, бул баланын видеосун коруп жаман кейидим. Москвада больница медалын тапшырганда тартышыптыр, майып болуп калыптыр байкуш, коздору кыйшайып титиреп басып. 3 жарым милонду москванын больницасына которушса керек.
+5
bond02
2019-12-29 19:42:44
Бул кишинин азыркы абалы кандай деги, эчак эле сакайып кетип бир мейманканада эле жатпады бекен? Кабар алган киши жокпу.
-6
Nargiza1987k
2019-12-29 23:43:12
Билип билбей жаза бербегиле ким эмне кылсада устундо АЛЛАХ карап озу жооп берет.
+4
Sayragul
2019-12-30 11:31:33
Мамлекеттик кызматта, кызмат учурунда жабыркаган адамды кароо, мамлекеттик денгээлде жургузулуш керек. Акча каражаты каралганын, болунушун туура деп эсептеймин. Кандай баланын, кандай акыбалга келгенин коруп туруп, жакшына пикир айтсанар. Батыраак айыгып кетсе экен деп тилейли. Москва бекер карабайт. Койкасына, дары-дармегине, операция баарына коп каражат кетерин дагы эске алалы.Бир курс леченияга канча кетет. Бул оор жагдай болуп жатат. Адамгерчиликтуу, ак ниеттен жакшы тилек каалайлы.
+3
cubich
2019-12-30 16:29:13
Sayragul, Туура
+1
Birimdik5555
2019-12-30 15:22:10
Ылайым жакшы болуп сакайып кетсин
+3
uli1988
2019-12-30 15:57:35
Аллах шыпаасын берсин айыгып кетсин
+2
cubich
2019-12-30 16:25:58
Мен да Бурденко больницасында башыман операция болгонмун. Врачтары абдан жакшы карашат. Кудайга шугур азыр жакшы.
Ал эми бул Самат Курманкуловдун даарылоосуна кеткен акча, мамлекет учун эч нерсе эмес. Айыгып кетсин. Эч кимдин башына мындай иш тушкулук кылбасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан