Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Азиянын күрөш уюмунда 2019-жылдын мыкты балбандар тизмесине кирди.
Кыргыз балбаны 2019-жылы Дүйнө чемпиону аталган, Азия чемпиондугун жеңип алган. Ошондой эле Poland Open мелдешинде күмүш, Dan Kolov - Nikola Petrov мелдешинде коло медаль уткан. Муну менен ал 85 упай топтоп, 2019-жылдын мыкты балбандар тизмесинде 2-орунду алган.
1-орунда кытайлык Нингнинг Ронг болду.