Акыркы он жылдыктагы эрежесиз уруштагы эң мыкты мушкерлердин аты аталды. Бул тууралуу MMA Junkie басылмасы жазып чыкты.
Рейтингдин лидери болуп UFC уюмунун орто оор салмактагы чемпиону Жон Жонс аталды. Жонс 2011-жылы биринчи жолу чемпиондук курга ээ болуп, жалпы 11 жолу наамын коргогон.
Экинчи орунда UFC уюмунун эң жеңил салмактагы мурунку чемпиону жана учурдагы ONE FC уюмунун чемпиону Деметриус Жонсон алды.
Үчүнчү орунда Даниэль Кормье жана 4-орунда Жорж Сент-Пьер, кийинки орунда Конор Макгрегор жайгашты. Хабиб Нурмагомедов 8-орунда жайгашты.