Ош шаарынын борбордук аянтында 31-декабрь күнү Жаңы жыл майрамы болуп, ага 13 миңден ашуун жаран келди. Майрамдык кечеде балдар үчүн атайын оюн-зооктор ойнотулуп, белгилүү эстрада жылдыздардын, куудулдардын катышуусунда чоң салтанат орун алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.
Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
“Бул жылы шаарыбызда көптөгөн жакшы жетишкендиктер жана ийгиликтер жаралды деп белгилөөгө болот. Өзгөчө 2019-жылда "Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп аталды. Шаарга инвестиция тартуунун негизинде чет элдик ишкерлер менен биргеликте бир нече ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлдү. Ошону менен катар калаабызда ирригация, тазалык, жашылдандыруу, таза суу менен камсыздоо, жылуулук, курулуш, спорт жана маданият тармактарында да ири долбоорлор аткарылып жатат.
Шаарыбызда илим, билимге сугарылган, жаӊы заман менен бирге кадам таштаган мекенчил, намыстуу жаштарыбыздын, чыгаан спортчуларыбыздын катары көбөйүп, зор жеӊиштери жана ийгиликтери менен бизди сыймыктандыра алышты. Куттуу элибизге ден соолук, биримдик кутман жерибизге тынчтык тилейм! Ордолуу Ошубуздун ооматы өркүндөй берсин!" - деп куттуктады мэр.
Майрамдык иш-чаранын алкагында Жаңы жылдык салют атылып, жаштар үчүн кече уланды.