“Бишкекте "Мерседес унаасын уурдап кеткен" деп шектелип 19 жаштагы жаран кармалды”,- деп билдирди Бишкек ШИИБи бүгүн, 19-августта. 28 жаштагы Бишкек шаарынын О.Ж. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, унаасынын уурдалганын билдирген. ШИИБинин түнкү мобилдүү тобу тарабынан аталган жаран колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.