Кыргыз улуттук курама команданын коргоочусу Азамат Байматов Малайзиянын "Куала Лумпур" футбол клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов Малайзиянын "Куала Лумпур" футбол клубунун оюнчусу болду. Келишим бир жылга түзүлүп, 1-январдан баштап күчүнө кирди. Азамат клубда адаттагыдай 7 номуру менен чыгат", - деп жазылат билдирүүдө.
"Куала Лумпур" клубу Суперлигадан учуп кеткен жана учурдагы негизги максат кайра Суперлигага кайтуу. Ошондой эле Малайзиянын кубогунда мыкты оюн көрсөтүү", - дейт Азамат Байматов.