Сауд Арабия падышачылыгы Кыргыз өлкөсүнүн зыяратчыларына 6110 квота бөлдү

Муфтий Максатбек Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугуп, 2019-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"САПтын ажылык министринин орун басары Кыргыз өлкөсүнүн 2019-жылы ажылыкты мыкты уюштургандыгын айтып, «эң жакшы» деген баа берди. Жолугушуунун соңунда тараптар 2020-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, САПтын ажылык министрлиги Кыргыз өлкөсүнө 6110 квота берилгендигин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 30-декабрда муфтий Максатбек Токтомушев дин кызматкерлери менен биргеликте Сауд Араб Падышачылыгын ажылык министрлигинин чакыруусу менен Мекке шаарына жөнөп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jelezo
2020-01-02 14:25:56
Жакшы сүйлөшүү болуптур,арабдардын ажы министри баш болуп сакалы жок эле сыйынышат экен го бизде болсо түк чыкканда эле сакал коюп киришти.
+1
Suzak12
2020-01-02 14:32:13
Жакшы кабар акчасы кандай болот быйыл?Былтыры акчасын тогуп барбай калгандар кандай болот?Кенири маалымат берип койсонуздар жакшы болмок.
0
erlan2196
2020-01-02 15:23:45
Suzak12,
Беш маал мечитке барып сыйынгандан көрө, күнүгө үч жолу керектүү, пайдалуу иштерди жасаганды үйрөнүш керек.
-6
bekbolotabdirasulov
2020-01-02 15:47:41
Suzak12, азырынчы баасы чыга элек болушу керек.Муфтият каттоо башталаарга жарыя кылышат болушу керек.
0
filis
2020-01-02 15:17:14
Арабтардын кара ташына барып сыйынып, жүгүнө бергенден биздин жашоо эч озгорбойт. Азыр мечитке барсанар кыргыз балдар арабча сөздөрдү берилип жаттап, аны тез тез кайталап жүгүнүп, сыйынып жаткандарын көрөсүңөр. Мунун артында эч кандай "бейиш" же ыйман жок. Беш маал сыйынгандан көрө, күнүгө беш маал пайдалуу иштерди кылганды үйрөнүш керек. Молдолор арабтардын салтын ыйык деп, арабтардын диний ырым-жырымдарын бул жака таашып жатасыңар.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан