Жалал-Абад. Чаткалдын Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттары кайрадан шайланды
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу БШКнын Чаткал аймактык өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Аталган айылда 1930 шайлоочу болсо, анын 1115и шайлоого катышты. Ал эми айылдык кеңешке 29 талапкер ат салышып, 11и шайланды. "Мурдагы чакырылыштын депутаттары айыл өкмөт башчыны шайлоого 3 жолу аракет жасашып, жыйынтык болгон эмес. Натыйжада алар 2013-жылдын 4-июлунда таркап кетишкен",- деп билдиришти аймактык шайлоо комиссиясынан.