Кыргыз Премьер-Лиганын мыкты футболчусу Фархат Мусабеков 26 жашка чыкты

Улуттук курама команданын футболчусу Фархат Мусабеков бүгүн, 3-январда 26 жашка толду.

Ал 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

Футболчу 2019-жылдын Кыргыз Премьер-Лигасында мыкты футболчусу наамын алган. Ал "Сыйлык алуу жыл соңунда бул эмгектин үзүрү. "Дордой" бул жылы чемпион болду, АФК Кубогунда ойноду. Премьер-Лигада мыкты оюндар өттү, командалаштарыма ыраазычылык билдирем", - деп билдирген.

Фархат Мусабеков өзүнүн футболдук карьерасындагы жолун 8 жашында Бишкек шаарындагы №57 мектептеги бөлүмдөн баштаган. Биринчи машыктыруучусу – Николай Рослов.

2009-жылы Канттын биринчи лигасында "Живое пиво" (мурун — "Абдыш-Ата-2") жана "Наше пиво" командаларында ойноп келген.

2011-жылдан баштап шаардын биринчи клубу "Абдыш-Атада" ойногон.

2015-жылы эстониялык "Инфонетке" өтүп, бирок оюнчулар менен келишим түзүү болгон эмес.

2016-жылы өлкөнүн чемпиондугунда "Эң мыкты оюнчу" деп табылган. Молдованын Кишинёвдогу “Академия” клубунда дагы бир нече убакыт болгон.

2018-жылдын июль айынан тартып футболчу Бишкектин "Дордой" клубуна кошулуп, 17-номер менен ойноп баштаган.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
make2
2020-01-05 01:05:12
Кут болсун, өзбекстандын алмалы клубунда бир сезон ойногон,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан