Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык жатак үйүндө суу түтүктөрү жок
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Ысык-Көл
облусундагы Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык жатак үйүнүн абалы
менен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы
бүгүн, 19-августта билдирди. Интернаттын жетекчиси Нарынгүл
Үсөнбаева ар бир айымга жекече мамиле жасаларын билдирип, интернатта
жашаган аялдардын катышуусунда театралдык оюндар коюлуп, ар кандай окутуулар
болуп турарын айтты. Ошондой эле бул жайда таза суу маселеси курч экендигин
билдирди. Суунун тартыштыгынан Ак-Суу суусун пайдаланып жатышкандыгын айтып, керебеттер
жана шкафтар жетишсиздигин, кийим түрүндө гуманитардык жардам берилбей
жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле эмгек жамаат ар бир оорулуу айым үчүн
күнүмдүк тамак-ашка 55 сом бөлүнөрү, бул норма 2007-жылы белгиленгенин, андан
бери азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттаганын айтышты. Белгилей кетсек, учурда
интернатта психоневрологиялык жактан жабыркаган 217 аял бар, алардын 47си баса
албайт.