КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык баракчасына кызын эмне үчүн соттун имаратына алып келгендиги тууралуу жазып чыкты.
"Көпкө чейин бул билдирүүнү жазсамбы же жокпу деп ойлоп жүрдүм. Акыры жазуу керектигин туура көрдүм. Дарига менин 5 жаштагы кызым, аябай дилгир. Балким, кеч төрөлгөн балдар, кала берсе тун балдар ошондой болор. Көпчүлүк Кой-Таш окуясында кызым кайда болгонун билгиси келет. Жыл сайын жайында кызым Нарынга, таене-таятасыныкына барып эс алып келет. Жалпы Кой-Таш окуясына байланыштуу кызым мени менен УКМК имаратына да барган, ММКларга интервью берген учурумда жанымда болгон. Бир ирет кызым башкы бетинде Алмазбек Атамбаевдин темир тор артында түшкөн сүрөтү менен гезитти көтөрүп келиптир да "Апа, эмнеге Атамбаев темир тор артында жана капалуу отурат?" деди. Андан соң "Эмнеге сенин досторуңдун баарын камакка алып жатышат?" деп сурады. Ал биринчи кезекте өз өлкөсүнүн эркин жараны. Мен аны дайым жеке инсан катары карайм, кызымдын өзүнүн пикири, тандоо укугу бар.
Ошол күнү бизди ИИМдин тергөө башкармалыгында 6 саат кармап, саат 20:00дө гана оор кылмышка шектелип жатканымды билдиришти. Мен кызым менен коштошуп алууга мүмкүнчүлүк берүүсүн сурандым. Бирок бизди криминалдык милициянын унааларында ыкчам топтун кызматкерлери коштоп сотко алып барышты. Сот залына эч кимди киргизишкен жок. Мен кармалбасам да сыртка чыгарбай жатышты. Мындай көрүнүшкө кыжырданган Замир Жоошев мени Даригуша менен коштошуп алсын деп күч менен алып чыкты. Тергөөчү менен прокурор 9-февралга чейин мени камакка алууну сурашты. Бул учурда мен кандай абалда болгонумду элестете албайсыздар. Диванда отуруп алып сиздерге мораль тууралуу сүйлөө жеңил. Мен ал учурда бир гана нерсени - дагы бир жолу кызымды кучактап өөп, аны канчалык жакшы көрөрүмдү айтып алууну ойлогом.
Мен бул өлкөдө жашоо жакшырышы үчүн болгон күчүмдү жумшайм", - деп сөзүн жыйынтыктаган Жолдубаева.
Эске салсак, 27-декабрь күнү Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова ИИМдин Тергөө башкармалыгына саат 14:00дө сурак берүүгө киришип, кийин барымтага алуу, баш аламандык уюштуруу жана күч менен бийликти басып алууну уюштуруу боюнча айыптар коюлганы маалымдалган. Ал аралыкта Жолдубаеванын 5 жашар кызы апасын түнгө жана кыштын суугуна карабай, сурактан, кийин соттун имаратынан чыгышын күткөн.