АКШнын президенти Дональд Трамп генерал Касем Сулейманини согушту баштоо үчүн эмес, токтотуу үчүн өлтүрткөнүн билдирди. Бул тууралуу BBC басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Дональд Трамп кечээ, 3-январь күнү Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында өткөн маалымат жыйынында Сулейманинин өлүмү тууралуу маалымат берген. "Касем Сулеймани согушту баштоо үчүн эмес, токтотуу үчүн өлтүрүлдү. Мындан кийин террорчу Сулейманинин бийлигине чекит коюлду. АКШнын аскерлери дүйнөдөгү биринчи террорчуну өлтүрүштү. Ал америкалык дипломаттарга, аскер кызматкерлерине коркунучтуу кол салууларды жүргүзүп турган. Бирок биз аны кармап, жок кылдык", - деген президент.
Эске салсак, кечээ, 3-январь күнү Дональд Трамптын буйругу менен Ирандагы экинчи таасирдүү адам, генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөнү маалым болгон.