Өзгөчө үнү менен таанылган ырчы Орунбасар Кызалаков оорудан каза болду

4-январь күнү кыргыз эстрадасында өзгөчө үнү менен таанылган ырчы Орунбасар Кызалаков каза болгону маалым болду. Бул маалыматты Кызалаковдун айылдашы Эрнис Шамбетов SUPER.KG порталына тастыктады.

"Ооба, кечээ, 4-январь күнү Орунбасар Кызалаковдун каза болгондугу чын. Негизи ал көптөн бери адашпасам, ашказаны ооруп, Бишкекте дарыланып жүргөн. Кечээ Бишкектен үзүлүптүр, сөөгүн айылга алып келишти. Орунбасар мурун үй-бүлө күтүп, балдары болгон. Алар зыйнатына келеби-жокпу билбейм. Бирок ал андан бери үй-бүлө күткөн жок. Улуу агасы Таласта чоң молдо, Орунбасар агасыныкында турчу", - дейт айылдашы.

Эске салсак, Орунбасар Кызалаков 1962-жылы Талас облусунун Көк-Кашат айылында туулган. Аскерге чейин молдован кызына үйлөнүп, эгиз уулдуу болушкан. Аны менен жолу бир болбой, кийинчерээк үйлөнүп, эки уулдуу болгондо эки жолго түшүшкөн. Кызалаков "Таласым таңшыйт", "Таңкы поезд", "Биздин өзөн" аттуу ырлары менен кыргыз элинин эсинде калган. Ал кезде башка ырчылардан өзгөчө үнү менен айырмаланчу.

SUPER.KG порталы Орунбасар Кызалаковдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Орунбасар Кызалаков - Таңкы поезд
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bekmaral
2020-01-05 11:44:52
Жалко жакшы ырдачу.Тируусундо сыйлап коюш кк эле адамды.
+5
chake
2020-01-05 12:49:39
жакшы байке эле жаткан жери жайлуу болсун
+3
katerina.li
2020-01-05 12:58:39
Откондо таластан кордум эле. Кебетеси ооруган кишидей болуп журот эле. Жаткан жери жайлуу болсун.
+3
rysik79
2020-01-05 16:47:55
Жаман иш болуптур. Жайы жаннатка чыксын.
0
Altysha.93
2020-01-05 21:58:40
Ыйманы саламат болсун, козу тируусундо бир сыйлык берип коюшса болмок.
+1
allia
2020-01-06 00:06:18
Бул эмне деген шумдук? 2013-жылкы комменттер жүрөт. Алып салгыла эски комментарийлерди. Бул темага байланышы жок .
+2
Azatbek.Svoboda.
2020-01-06 10:58:47
Жатканы жери жайлуу болсун!Каныкей экоонун образы бир экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан