Бишкекте 22 368 аз камсыз болгон үй-бүлө жашайт. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2010-жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга көп. Маалыматка ылайык, жөлөк пул алуучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 0,9 пайызга көбөйгөн. Бишкек боюнча аз камсыз болгон 2429 жаран же 905 үй-бүлө жөлөк пул алса, 6614 адам социалдык жөлөк пул алат. Алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, Баатыр энелер бар.