ИИМ: "Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлктөрү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес"

Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлктөрү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

"2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздоо максатында, Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин негизинде жана Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендердин мүлктөрү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

Буга чейин Кой-Таш окуясына байланыштуу иши каралып жаткан Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаеванын мүлкү камакка алынганын Жолдубаева билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kairat1996
2020-01-05 19:48:34
Мунун баарын уюштуруп жаткандар Сооронбай жана Асылбек Жээнбековтун. Сооронбай деген эргул сотторго, күч органдарына “жең ичинен” буйрук берип, күнөөсүз адамдарды, каматууда катуу шугулданып жатканын эл көрүп билип турат. Адам тагдырын кучко таянып талкалоо Сооронбайдын негизги саясаты болуп калды. Азыр Сокеге нааразы болгондор күндөн күнгө көп, аягы жаман менен бүтөт. Соке кетсин!
-2
milan-707
2020-01-05 19:56:31
Kairat1996,каясыл эле коруп турат сен дагы ашаны адамдары коруп турат.тура кылды соке мен колодой камагандарды
-4
chake
2020-01-05 21:18:33
Kairat1996, сен баягы эле ууру канкордун сөзүн сүйлөп элдин атынан шилекейинди чачыратпай эле койчу
+3
Absamat-90
2020-01-05 22:01:21
Kairat1996, алгач туура жазып, туура жүргөндү үйрөн тууган.Ар кимдин ою ар башка, балким сен өзүңдүн кара мүртөз кейпин менен жамандыкты гана көрөөр чыгарсың. Бирок баары эле сен ойлогондой эмес.Сенин оюнча алты жылда кыргыз элди күрөөгө коюп Кытайдан карыз алган эрдикпи? Ошол акча элге жумашалса жакшы болмок, офшорго которулбай.
+3
Jaznura
2020-01-06 08:25:22
Kairat1996, адам өлтүргөн АША менен мүлктөрү камакка алынган адамдардын күнөөсү бирдей эле.
+1
chake
2020-01-05 21:16:55
ушул желмогуздар баарын уюштургандар АлМастын уурдаган акчаларына кул болуп күнү түнү Кой Ташта сагалап жүргөн мындайларды катуу жазага тартып мыйзамды тебелеп тепсегендердин кандай жазага тартуу керек экенин элге көрсөтүп коюшу керек
+1
Jaznura
2020-01-06 08:26:56
Сот туура чечим чыгарыптыр. Мамлекетте башаламандык уюштурган мындай кылмышкерлердин жакындарынын да мүлкүн камакка алса болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан