Жаңы жылга карата өлкөдөгү бир катар мамлекеттик кызматкерлер, өнөрпоздор сыйланган. Алардын катарында маданиятка салым кошуп келе жаткан Эл артисти, Эмгек сиңирген артист наамдарын алгандар дагы бар. SUPER.KG порталына окурман кайрылып, ырчы Токтобүбү Черикчиевага наам берилиптирби деген суроо узатты. Анын айтымында, ырчынын 50 жылдык юбилей концертинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарууну пландап жатканын министрликтен келген өкүлдөр айтышкан. Окурманыбыздын соболуна жооп алуу үчүн Токтобүбү Черикчиевага байланышканыбызда, буларга токтолду.
"Наам алган жокмун. 50 жылдык юбилей концертимде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен өкүлдөр келген. Анда мага мамлекеттик сыйлык берүү каралып жатканын билдиришкен эле. Түзүлгөн комиссия тизмени карап чыгып, наам алчулар көп экен деп кыскартып коюптур. Бул жолу жылдагыдай эле сыйлыктарды алдым", - деди ал.
Токтобүбү Черикчиева "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Колукту", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң", "Сүйгөн жар", "Жолугарым билгенмин" жана башка ырларды жеткиликтүү аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.